Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабият мугалими Кадырова Улана Кашкарбековна даярдаган “Эрен” тобу Кыргыз Республикасынын “ Манас” улуттук театры жана КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТЕЛЕРАДИОБЕРҮҮ КОРПОРАЦИЯСЫНЫН “Баластан” каналы биргеликте уюштурган, 13 жылдан бери элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткан, “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашынын 14 айлампасына катышып, Чуй облустук турунан 21 тайпанын ичинен эң жогорку упай топтоп биринчиликти багынтты.
«Манас» эпосу-бул бүтүндөй кыргыз элинин наркын, сөз берметин, терең философиясын өзүнө сиңирип алган чалкыган деңиз. Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын мугалимдери окуучуларды ушу деңиздин суусу менен сугарып, келечекте улуттун туусун желбирете турган, патриот уул-кыздарды тарбиялоодо.
Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабият мугалими Кадырова Улана Кашкарбековна даярдаган “Эрен” тобу Кыргыз Республикасынын “ Манас” улуттук театры жана КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТЕЛЕРАДИОБЕРҮҮ КОРПОРАЦИЯСЫНЫН “Баластан” каналы биргеликте уюштурган, 13 жылдан бери элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткан, “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашынын 14 айлампасына катышып, Чуй облустук турунан 21 тайпанын ичинен эң жогорку упай топтоп биринчиликти багынтты. Эми Республикалык турга катышып, баш байгени багынтсак деген изги тилек менен таймашка камдануунун үстүндө.
Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын администрациясы «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашын уюштурууда
жана улуу «Манас» эпосун жайылтууда кошкон сальмы үчүн Кыргыз улуттук “Манас” театрына жана Кадырова Улана Кашкарбековнага ыраазычылык билдирет
Комментарии