Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Военно — Антоновка мектеби өзүнүн ишин 1914-жылдан баштаган. Анда ал 1-баскычтагы мектеп болгон, жана 30 гана окуучу окуган. Эки эле класс : биринчи жана экинчи класстар ачылган, кийинчерээк,1929-жылы 56 окуучу окуп 3-класс кошулган.1938 –жылы биринчи жолу жаӊы мектептин имараты тургузулуп, бул жаӊы мектеп 400 гө жакын окуучуга ылайыкталган. 1939-жылы коомчулуктун жардамы менен мектептин экинчи имараты, кийинчерээк, үчүнчү имараты курулган. Бул мезгилде мектепте 600дөй окуучу окуп калган.

Согуш маалында, 1944-жылы, Военно-Антоновка айылында Ленинград блокадасындагы жетим балдар үчүн Балдар үйү уюштурулуп, 1938-1939-жылы курулган мектеп имараты ошол балдар үйүнө берилген. Ал эми айылдын мектеп окуучулары бир канча жыл ар кайсы имараттарда окууга туура келген.

1947-жылы айылдын борборунда кенен, жарык класстары менен, китепканасы менен 600 орундуу жаӊы имарат тургузулган. Ошондон баштап Военно-Антоновка айылында орто мектеп ишке берилген.Ошентип Военно-Антоновка мектебинде Сердюк К.В., Тищенко Ф.И., Сутормина М.П сыяктуу мыкты мугалимдер эмгектенишип, көптөгөн таланттуу окуучуларды бүтүрүп чыгарышкан. Ошол мезгилде мектеп директору болуп О.С. Парпура дайындалган.

 

 

1960-жылы Горький көчөсүндө эки кабаттуу жаӊы мектептин имаратын куруу иши башталган. 1966-жылдын 1-сентябрында он жылдык орто билим берүү мекемеси өзүнүн эн биринчи окуучуларын кабыл алган. Ал эми мектеп директору Улуу Ата мекендик согуштун ардагери,тарых мугалими Король Павел Максимович болгон.

 Биз жөнүндө

1970- жылдан баштап көп жылдар бою Военно-Антоновка орто мектебинин директору болуп Мураталиева Любовь Михайловна иштеген. Мураталиева Любовь Михайловна таланттуу педагог,орус тили жана адабияты мугалими,чыгармачылык менен ой жүгүрткөн жетекчи, педагогикалык коллективди шыктандырган уюштуруучу болгон. Ал мектепте өз ишин билген, тынымсыз изденүү менен иштеген, бирдиктүү педагогикалык коллективди көп жылдар бою окуу-тарбия жаатында мыкты уюштура алды. Ошол убактагы окуу-тарбия процессиндеги жаңы ыкмалар жана концепциялар менен иштеген мугалимдер: Пьяных Н.П- химия мугалими,Плотникова А.Ф-физика мугалими, Бережная Н.М-орус тили жана адабият мугалими, Пузикова Т.Е. — англис тили мугалими, Колосова Е.В- англис тили мугалими, Осетрова М.Н- тарых мугалими, Оттева Н.Д., Сычева Л.А.-башталгыч классынын мугалимдери жана башкалар.

Бул жылдары педагогикалык ишмердиктин мыкты новатор мугалимдери да пайда болгон. Ушул мезгилдерде Военно-Антоновка мектеби КРнын Педагогика институтунун жана Сокулук РБББнүн кызматташуусунда республика ичиндеги билим берүү бөлүмүнүн башчыларын, мектеп директорлорун жана мугалимдерин даярдоодо базалык платформага айланган.

Жаӊы педагогикалык технологияларды жана окутуу ыкмаларын колдонуу менен мектеп окуучуларын окутууда Военно-Антоновка мектеби 1970- жылдарда жогорку деӊгээлге көтөрүлгөн. Бир канча медалисттер бүтүрүп чыгып, союздук маанидеги жогорку окуу жайлардын студенттери болушкан. Ушул жылдарда Военно-Антоновка мектеби Сокулук районунда гана эмес,андан сырткары дагы белгилүү, алдыӊкы мектеп болуп эсептелген.

1978-жылы мектеп директору Л.М.Мураталиевага “Кыргыз ССР инин эл мугалими” наамы берилген.

Биз жөнүндө

1990-91-жылдарда Военно-Антоновка мектебинде эӊ биринчи кыргыз класстары б.а. окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар ачылган. Кыргыз класстарынын биринчи мугалимдери: Молдомирова Л.М., Акынбекова Р.К., Тюлемишова Ж.Ж., Ибраева Ж.

2004-2015- жылдарда Военно-Антоновка мектебинде Жуманазарова Ы.К. директор болуп иштеген. Ал эми 2006-жылы Военно-Антоновка мектеби гимназия статусуна ээ болуп, Сокулук району боюнча ресурстук борбор болуп эсептелген. Бул жылдары Военно-Антоновка мектеп гимназиясында 1186 окуучу окуп, 43 класс комплект болгон, анын 11 классы гимназия классы болуп эсептелген.

Биз жөнүндө

2013-жылы Чүй областы боюнча өткөрүлгөн конкурста Военно-Антоновка мектеп- гимназиясы 2-орунга ээ болуп “Мыкты инновациялык мектеп” номинациясын женип алган.

2016-2018-жылдарда мектеп Военно-Антоновка окуу- тарбия комплекс- гимназиясы болуп которулган. Ал эми 2021-2022-окуу жылында мектеп кайрадан Военно-Антоновка мектеп-гимназиясы статусун алды. Военно-Антоновка мектеп-гимназиясы канча жылдан бери Сокулук району боюнча ресурстук борбор болуп алдыӊкы мектептердин катарында келет. Педколлективде 20 мугалим билим берүүнүн мыктысы төш белгиси менен, ал эми 25 мугалим ББМ нин Ардак Грамотасы менен сыйланган. Азыркы учурда 140тан ашык мугалим билим тарбия берип келет.

Биз жөнүндө

2021-2022- окуу жылында мектепте 3000 окуучу окуйт, 90 класс-комплект жана 32 окуу кабинеттери бар. Бүгүнкү күндө мектеп администрациясы төмөнкү тизмекте иш алып барышат.

Директор-Чукурова Т.Т., директордун орун басарлары: Джусупбекова А .Дж.,

Орозалы кызы Лира, Чалпанкулова Г.А. Жусупахматова У.У., тарбия иштери боюнча уюштуруучу Бибосунова А.З., жана организатордун жардамчысы Бойдакова М.Д.

социалдык педагогдор Осмонова Н.Н. жана Абдыкар кызы Диана, чарба иштери боюнча директордун орун басары Эшенказиев Э.С.

Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын потенциалы күчтүү, жоопкерчиликтүү, чыгармачыл мугалимдери жаш муундарга билим тарбия берүүдө талыкпастан өз салымдарын кошуп келүүдө.

Биз мектебибиз менен сыймыктанабыз!

История становления Военно-Антоновской  школы-гимназии

Военно-Антоновская школа ведет свое начало с 1914 года.

В те годы она называлась школой первой ступени. В этой школе обучалось около 30 детей и было только два класса: первый и второй. В 1929 году в школе было уже 56 учеников и был открыт третий класс.

В 1938 году было выстроено первое капитальное здание новой школы. В новой школе насчитывалось уже около 400 учащихся. В 1939 году силами общественности было построено второе здание школы, а несколько позднее — третье. К этому времени в школе насчитывалось уже 600 учеников.

В 1944 году в нашем селе был организован Детский дом для детей-сирот из Ленинграда, которому впоследствии были переданы здания школы, возведённые в 1938-1939 гг.

Биз жөнүндө

Школьники села несколько лет были вынуждены учиться в разных

предоставленных помещениях для школьных занятий.

В 1947 году, в центре села было воздвигнуто новое здание школы на 600 ученических мест с просторным коридором, светлыми классными комнатами, библиотекой и другими помещениями. Была образована средняя школа.

Эта школа выпустила немало талантливых учеников. В школе трудились такие замечательные педагоги, как математик- Сердюк К. В., биолог — Тищенко Ф. Н., филолог — Сутормина М. П. Директором школы была назначена Парпура О. С. — грамотный специалист.

В 1960 году начались работы по строительству 2-х этажного здания новой кирпичной школы по улице Горького.

Средняя школа с 10-ти летним образованием приняла своих первых учеников 1 сентября 1966 года. Первым директором школы стал Король Павел Максимович, учитель истории, ветеран Великой Отечественной войны.

Биз жөнүндө

С 1970 года и на протяжении многих лет, директором Военно-Антоновской СШ была Мураталиева Любовь Михайловна-заслуженный учитель Кыргызской ССР. Преподаватель русского языка и литературы, талантливый педагог, творчески мыслящий руководитель, вдохновитель и организатор педагогического коллектива.

В школе организовался сплочённый коллектив настоящих профессионалов своего дела, который много лет находился в постоянном педагогическом поиске новых подходов и концепций учебно-воспитательного процесса: Пьяных Н.П. – учитель химии, Плотникова А.Ф. – учитель физики, Бережная Н.М. –учитель русского языка и литературы, Пузикова Т.Е. – учитель английского языка, Колосова Е.В. – учитель английского языка, Осетрова М.Н.- учитель истории, Сычева Л.А. – учитель начальных классов и многие другие.

Биз жөнүндө

В эти годы появилось множество мастеров педагогического труда, учителей-новаторов.

Был взят на вооружение прогрессивный передовой опыт известных педагогов страны: Ш.А. Амонашвили, С.Н. Лысенковой, В.Ф. Шаталова, В.А.Сухомлинского.

Школа стала платформой для подготовки учителей района, директоров школ и заведующих РОНО Республики в сотрудничестве с «Институтом педагогики КР» и Сокулукского РОНО.

Началась работа по созданию новых учебников, в которой активно участвовали талантливые педагоги нашей школы.

Используя передовую методику, новые педагогические технологии, школа в 70-е годы вышла на более высокий уровень результативности обучения школьников. Выпустила немало медалистов, которые стали в последствие студентами ВУЗов, в том числе и Союзного значения.

В 1990-1991 учебном году в нашей школе был открыт 1-й класс кыргызским языком обучения. Первыми учителями стали Молдомирова Л. М., Тюлемишева Ж. Ж., Ибраева Ж.

Военно-Антоновскую школу в разные годы возглавляли многие талантливые руководители, которые позже работали директорами других учебных заведений, нашу школу называли «кузницей директоров».

Биз жөнүндө

Среди них Жуманазарова Ы. К., директор Военно-Антоновской СШ с 2004 по 2015 годы. Именно в эти годы школа стала ресурсным центром Сокулукского района, а в 2006 году получила статус гимназии. В школе-гимназии на тот момент обучалось 1186 учащихся в 43 классах, из которых 11 стали гимназическими.

В 2013 году гимназия заняла второе место в конкурсе на звание лучшей инновационной школы Чуйской области.

В 2016-2018 учебном году школа была переименована в учебно-воспитательный комплекс-гимназию.

В текущем учебном году школа вновь стала школой-гимназией.

Сегодня нам есть чем гордиться!

Биз жөнүндө