Биздин жетишкендиктер
Закиров Марат 2006-жылы Ош обласындагы Озгон районуна караштуу Эркин-Тоо айылында торолгон. Учурда ал Чуй обласындагы Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу.
Марат башталгыч класстан бери окууда эн жакшы жетишкендиктерден сырткары спортто дагы мектеп сыймыктана турган ийгиликтерди жаратып келе жатат.
Мараттын спортко болгон алгачкы кадамы дал ушул мектептин спорт залында отуучу тхэквондо боюнча ийримден 4-классынан башталган.
Ошол кездеги машыктыруучусу Пак Никон Николаевич менен коптогон эл аралык мелдештерге катышып, ар дайым байгелуу орундарды алып келген. Тхэквондо ийриминде жараткан эн чон ийгилиги бул 2018-жылы жаш балдар арасында Казахстандын Актау шаарында откон дунуйо чемпионатында биринчи орун ээлегендиги болду.
Кийин 2019-жылы мектептик спорт залдан республикалык денгээлге которулуу максатында, азыркы машыктыруучусу Аскарбек уулу Эралы агайдын колуна машыгуу учун келген.
Аскарбек уулу Эралы эл аралык денгээлдеги машыктыруучу. Грепплинг боюнча дунуйонун тогуз жолку чемпиону. Кыргыз ММА ГАММА Федерациясынын учурдагы президенти.
Марат азыркы машыктыруучусу менен биргеликте грепплинг боюнча Кыргызстанда откон мелдештерде оз салмагы боюнча дээрлик биринчиликти эч кимге бербей келе жатат.
Кыргызстандын ич арасында откон мелдештерде гана эмес эл аралык мелдештерде дагы байгелуу орундарды алып журот. Мисалга алсак 2022-жылы Озбекистандык мушкер менен кур учун болгон курошто биринчи орун, 2022-жылы Ыссык-Колдо откон грепплинг боюнча дунуйо чемпионатыгында биринчи орун.
Андан сырткары Марат 14-жашында оз жаш курагындагы жаш балдар арасында биринчилерден болуп эрежесиз мушташ ММА боюнча спорт чеберчилигине талапкер болгон.
Ал эми быйыл 2023-жылдын сентябрь айында Грециянын Александрия шаарында откон ММА ГАММА нын эрежесиз эр таймаш боюнча мелдешке катышып, 2024-жылы Канадада отуучу мелдешке жолдомо утуп алды.
Марат спорт менен гана машыгып, окууну таштап салбастан, окууда дагы жалан беш деген баа менен быйыл мектепти бутуруу алдында турат.
Уй-булодо беш бир туугандын уулусу. Озунун улгулуу журум туруму, спортто, окууда болгон жетишкендиктери менен озунон кийинки бир тууган инилерине гана эмес, копчулук жаштарга улгу болуп келе жатат.
Комментарии