Кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин практикалык семинары.
2023-жылдын 16-февралында Военно-Антоновка мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабият сабагы кыргыз класстар үчүн райондук семинар өткөрүлдү. Семинардын темасы: » Кыргыз тилин ишмердикке таянып окутуу менен деңгээлдик технологияны колдонуу, окуу материалдарын ишмердиктин негизинде 4 деңгээлде өздөштүрүү ыкмасы». Класстык сааттар өтүлдү Бакеева Айнура С.Жусуев «Алакан ыры», Аттокурова Чолпон » Синонимдер, анын түрлөрү, пайда болуу жолдору», Бусурманкулова Гүлбара К. Жусупов » Ыр сабындагы өмүр», Кадырова Улангүл «Калыгул Бай уулунун философиялык ойлору. Үч доор баяны», Шаадыканова Жылдыз » Сан атоочтун маанисине карай бөлүнүшү. Эсептик сан атооч». Класстан тышкаркы иш боюнча «Манас таануу» таймашы өткөрүлдү 1-топ «Данакер», 2-топ» Эрен», 3-топ» Ак шумкар», 4-топ»Улуу көч» жалпы 4 топ катышып, өздөрүн активдүү көрсөтө алышты. Райондук билим берүү бөлүмүнөн Сыдыкова Лира Норозбековна, Акматова Венера Орозобековна катышты. Семинар эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Комментарии