«Урааным Манас» республикалык конкурс.
«Урааным Манас» республикалык конкурсу 2023-жылдын 8-майда Военно-Антоновка мектеп-гимназиясында болуп өттү. Иш-чара мыкты деңгээлде өткөрүлүп, Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын мектеп жамааты жана окуучулар бир айга жакын даярданышып, 1000 окуучу жана мугалимдер катышты. Бул иш-чаранын негизги максаты улуттук баалуулуктарды сактоо жана патриоттук сезимди өркүндөтүү, ошондой эле жаштарды мекенчил болууга тарбиялоо. Бул иш-чарага Кыргыз улуттук Манас театрынын директорунун орун басары, манасчы Талантбеков Нурбек, Сокулук РБББнүн адистери, Военно-Антоновка айыл аймагынын башчысы Садыков Р.Т, айылдык кеңешинин төрагасы Мураталиев У.М. катышып, мектеп жамаатына жана окуучуларга ыраазычылыгын билдиришти.
«Урааным Манас» иш-чарасын уюштурууда өз салымдарын кошкон: Военно-Антоновка орто мектеби, К. Шопоков атындагы №3 мектеп-лицейи, Гавриловка орто мектеби, Ново-Павловка №1,2 мектептери, Таң Чолпону борбору, Шопоков №1,2 мектептерине терең ыраазычылык билдиребиз.!
Комментарии