Чынгыз Айтматов-учурдун улуу жазуучусу
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлиги
Республикалык экология,жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору уюштурган чыгаан классик Чынгыз Айтматовдун элесине жана улуттук адабияттын күнүнө арналган «Чынгыз Айтматов _ учурдун улуу жазуучусу» республикалык сырттан өтүүчү видеоролликтердин (видеосюжеттер) адабий-аймактаануу сынагынына Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын 11-в классынын окуучуулары кыргыз тили жана адабияты мугалими Бакеева Айнура Тойчубековнанын жетекчилиги менен Чынгыз Айтматовдун «Кыямат»романы боюнча тартышкан видеосюжети менен катышып,байгелүү II орунду жеңип алышты. Окуучулар мактоо баракчалары менен сыйланышты жана мугалимге Ыраазычылык кат тапшырылды.
Республикалык конкурста жеңүүчү болгон видеосюжеттерди уюштуруучу борбор улуттук адабият күнүнө жана улуу классик Чынгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган «Чынгыз Айтматов -Жер жүзүнүн жараны»аттуу Эл аралык сырттан өтүлүүчү видеороликтердин аймактаануу сынагына жөнөтүп, биздин окуучулардын «Кыямат «романы боюнча тартылган видеоролиги Гран-прини женип алды.
Комментарии